Ош шаарынын борбордук аянтына жаңы жылдык балатыны орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка караганда, быйыл балатынын жасалгасына жана аянтты майрамдык жасалгалоого өзгөчө көңүл бурулат.
План боюнча балатыны орнотуу иштери 10-декабрда аяктайт.