Чүйдө 61 жаштагы Намас Жаныбеков дайынсыз болуп изделүүдө

Чүйдө 61 жаштагы Намас Жаныбеков дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Коомдук коопсуздук кеңешинен билдиришти.

Ал ушул жылдын 26-май күнү Новопавловка айылындагы үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз.

Өзгөчө белгилери: Бою 160-сантиметр, орто дене түзүлүштө. Психикалык оорудан улам адашып калышы мүмкүн.

Кийген кийимдери: ак түстөгү футболка, спорттук шым, кара түстөгү бут кийим.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көрүп-билген болсо төмөнкү телефондорго чалууну жакындары өтүнөт.

Байланыш телефону: 0555 23 04 90, 0755 07 47 20.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД