Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда (Семиз-Бел айылы) 6-декабрь күнү саат 00:22 чамасында BMW үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип бакты сүзгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен бир эркек, бир аял киши (аты-жөндөрү такталууда) каза болгон. Куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Жерине төрт куткаруучу, милиция кызматы жана "Тез жардам" кызматы тартылган.