Жакын арада казак инвесторлорунун Кыргызстанга келүүсү күтүлүүдө

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргызстандагы Казакстандын элчиси Рапиль Жошыбаев менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Арзыбек Кожошев Казакстан Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоосун билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун Казакстанга алдыдагы жумушчу сапарын уюштуруу маселеси, ошондой эле эки өлкөнүн кызматташтыгынын актуалдуу багыттары талкууланды.

Элчис Рапиль Жошыбаев белгилегендей, министрлер кабинетинин төрагасынын жумушчу сапарын жогорку уюшкандык деңгээлде өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө.

Анын айтымында, мурда жетишилген келишимдердин алкагында казак инвестицияларын тартуу менен индустриалдык соода-логистикалык комплексин түзүү боюнча иштер аткарылууда. Жакынкы арада инвесторлордун Кыргызстанга келүүсү күтүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД