Бишкектеги калкты тейлөө борборлорунда иш учурунда. АрхивЖалпы жарандык пас

Жалпы жарандык паспортту алуу үчүн документтерди толтуруу, биометрикалык маалыматтарды тапшыруу Калкты тейлеген ар бир борбордо жүргүзүлө баштады. Документ 18 күндө даярдаларын айтышты.

БИШКЕК, 31-май - Sputnik. 31-майдан тарта жарандар чет өлкөгө чыгууга мүмкүнчүлүк берген жалпы жарандык паспортту тез арада жана кыска мөөнөттө алуу үчүн документтерди тапшыра баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Жалпы жарандык паспортту чукул арада - үч саатта, эки, төрт жана сегиз күндө алса болот.

Ага төмөнкүдөй акча төлөнөт (банктын кызматын кошкондо):

8 күн - 2 300 сом;

4 күн - 2 665;

2 күн - 3 010;

3 саат - 6 475.

Атын, атасынын атын, фамилиясын жана улутун өзгөртсө мамлекеттик пошлинадан улам 100 сомго кымбатыраак болот:

8 күн - 2 400 сом;

4 күн - 2 765;

2 күн - 3 110;

3 саат - 6 575.

Жоголуп кеткен же айрылып калган жалпы жарандык паспортту алмаштыруу (банктын кызматы менен мамлекеттик пошлинаны кошкондо):

8 күн - 2 500 сом;

4 күн – 2 865;

2 күн - 3 210;

3 саат - 6 675.

Жаңы муундагы паспорт Жарандык авиация боюнча эл аралык стандартка ылайык келет.

Документтерди толтуруу жана биометрикалык маалыматтарды тапшыруу Калкты тейлеген ар бир борбордо жүргүзүлүп жатат. Даярдоо мөөнөтү - 18 иш күн. Паспорт 10 жылга жарактуу, баасы 885 сом.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД