Сапат эл аралык билим берүү мекемеси Орхан Инанды боюнча билдирүү таратты

"Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды дайынсыз жоголгонуна байланыштуу аталган мекеме билдирүү таратты.

Маалыматта Орхан Инанды кечээ (2021-жылдын 31-майында) кечки саат 21:00дөн бери "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды дайынсыз болууда, - деп айтылат. Ошондой эле "Сапат" эл аралык билим берүү мекемеси бул окуяга байланыштуу жарандардан кандайдыр бир маалыматка ээ болсо ички иштер органдарына (102) же "Сапаттын" кеңсесине (0550049050) чалууну өтүнгөн.

Белгилей кетсек, бүгүн, 1-июнда саат 04:20 чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын "102" кызматына Малдыбаев жана Саманчин көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунан "Lexus 470" үлгүсүндөгү унаа ачык абалда табылганы тууралуу чакыруу келип түшкөн.

Октябрь РИИБдин шаардык ички иштер бөлүмүнүн үчүнчү бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу чакыруу болгон жерге жөнөп кетишкен. Ал жерден Ю. К. аттуу жаран атасы И. О. аттуу адам ушул автоунаа менен жүргөнүн айтып арыз жазган. Акыркы ирет ал кечээ, 31-майда, болжол менен саат 18:00дө байланышка чыккан.

Азыркы учурда тажрыйбалуу тергөөчүлөрдүн жана ыкчам кызматкерлердин ичинен тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө көрсөтмөлөр жөнөтүлүп, бардык болгон тергөө жана издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Маалымат үчүн:

Орхан Инанды Кыргызстанда 1995-жылдан бери эмгектенет. 2001-жылдан бери "Сапат"эл аралык билим берүү мекемесинин президенти болуп эмгектенип келе жатат.

Мекеменин курамында 16 лицей, 1 университет, 1 эларалык мектеп, 3 толук эмес жалпы билим берүү мектептери иштеп жатат. Алардын жаңы окутуу технологиялары менен жабдылышына, педагогдордун кесиптик чеберчилигинин, чыгармачылыгынын өсүшүнө шарт түзүп келе жатат.

Кыргыз Республикасынын билим берүү системасына кошкон салымы үчүн 2002-жылы "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги" төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы жана 2003-жылы "Даңк" медалы менен сыйланган.

Илим жаатында да алгылыктуу ийгиликтерге жетишип келген. Педагогикалык илимдеринин кандидаты.

Эске салсак, Орхан Инанды Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД