Ысык-Көлдө турак үйдөн өрт чыгып, 55 жаштагы киши каза болду

Ысык-Көлдө турак үйдөн өрт чыкты. Анын кесепетинен 55 жаштагы киши каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-декабрда саат 08:30 чамасында Ысык-Көл районунун Корумду айылында турак үйдөн өрт чыкты. Жерине бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 10:05те толук өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен 55 жаштагы К.Т.К аттуу эркек киши каза болуп, турак жайдын 36 чарчы метр аянты күйдү.

Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД