Жалал-Абадда балдар арасында футбол боюнча өлкөнүн кубогу өтүп жатат

Жалал-Абадда балдар арасында футбол боюнча Кыргыз Республикасынын кубогу өтүп жатат, деп билдирет аймактык кабарчы.

Белгилүү болгондой, катышуучулар өлкөнүн 7 облусунан жана Бишкек шаарынан келишкен. Уюштуруучулар балдар футбол лигасы 6-июнга чейин уланарын айтышты.

"Кыргыз футбол союзунун демөөрчүлүгү менен Жалал-Абад шаарында биринчи жолу 13 жашка чейинки балдар арасында футбол мелдеши өткөрүлүп жатат. Катышуучулар өлкөнүн 7 дубанынан жана борбор калаадан келишти. Бүгүн расмий ачылыш аземи өтүп, алгачкылардан болуп оюн талаасында Жалал-Абад облусунун жана Нарын облусунун оюнчулары беттешти. Оюндар 6-июнга чейин уланат", - деди Кыргыз футбол союзунун Жалал-Абад облусундагы өкүлү Таирбек Чойбеков.

Мындан сырткары ал балдар арасындагы турнир 8 жылдан бери алгачкы жолу өтүп жатканын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД