Москвада массалык мушташка катышкан деп 20 жаштагы кыргыз жараны кармалды

Москвада массалык мушташка катышкандыгы үчүн Кыргызстандын жарандары жоопко тартылды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 9-январында Москва шаарынын Таган районунда кыргызстандыктардын катышуусунда болгон массалык мушташтан улам ИИМдин Таган райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны кармалып жана эки жараны административдик жоопкерчиликке тартылган.

Элчиликтен тиешелүү суроо-талап Ички иштер министрлигинин Таган райондук бөлүмүнө жөнөтүлдү. Маселе элчиликтин көзөмөлүндө турат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД