Суусамырда уурдалган жылкыны Таласта сатып жаткан 18 жаштагы жигит кармалды

Суусамырда уурдалган жылкыны Таласта сатып жаткан жеринен 18 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө Жайыл айылынын Суусамыр айылынын тургуну мал (жылкы) уурулук фактысы боюнча арыз менен кайрылган.

Бул факты РИИБнин КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында Чүй ОИИББнын Криминалдык милиция кызматкерлери жана Жайыл районунун ИИБнүн

кызматкерлери жогорудагы кылмышка шектүү делип, 18 жаштагы К.Д. Чүй облусунун тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алдын

ала маалыматтарга караганда, кылмышка шектүү Талас шаарындагы базарда уурдалган малды сатуу учурунда кармалган.

Учурда уурдалган малдар алынып, арыз ээсине кайтарылды.

Милиция кызматкерлери жогорудагы адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар-жоктугун текшерүүдө, тергөө иштери уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД