COVID-19га каршы республикалык штаб омикрон штаммы тууралуу маалымат таратты:
Омикрон - бул COVID-19 оорусуна алып келген вирустун жаңы штаммы.
"Дельтадан" айырмасы:
- мутациясы көп (б.а. белокто 32ге чейин өзгөрүүнүн болушу)
- жогорку жугуштуулугу, адамдар көп болгон имараттарда жуктуруп алуу ыктымалдыгы жогорулайт.
⠀
Япониялык окумуштуулардын айтымында, "омикрон" дельтага караганда 4,2 эсе тез тарайт.
- Социалдык аралыкты сактоо жана беткапты колдонуу вирусту жугузуу ыктымалдыгын азайтат, бирок, өзгөчө оорулуу адам менен бир бөлмөдө узак убакыт байланышта болуу толук жокко чыгарбайт.
БЕЛГИЛЕРИ:
Оорунун белгилери демейде жугузуп алгандан кийин 3-6 күндөн кийин билине баштайт. Бирок! Жугузуунун жана жайылуунун жогорку ылдамдыгын эске алганда, байланыш болгондон кийинки күнү же бир күндөн кийин белгилеринин пайда болуу ыктымалдыгы жогору.
⠀
Инкубациялык мезгил - бул адам вирусту жугузуп алган, бирок оорунун клиникалык белгилери али билине элек мезгил.
COVID-19 вирусу үчүн бул мезгил он төрт күнгө чейин (ошондуктан карантинде эки жумага чейин отурганбыз).