Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясы: Кыргызстанда ундун кору эки айга жетет

Кыргызстандын ун өндүргөн ишканаларында 1,5-2 айга жете турган ундун кору бар. Бул тууралуу 13-январдагы брифингде Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Рустам Жунушов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин түзүлгөн келишимге ылайык буудай Орусиядан келип жатат. Ага чейин ушул жылдын январь айында Орусиядан 30-40 тонна буудайдын келиши күтүлүп жатканы кабарланган.

Ал Казакстан менен чек ара жабылган шартта элди ун менен Кыргызстанда өндүрүлгөн унду өлкөдөн чыгарууга тыюу салуу аркылуу жана Орусиядан келип жаткан буудайдын эсебинен камсыздоого болорун айтты.

"Ата мекендик ун комбинаттары дан бар болгон учурда калкты ун менен 100% камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү жетет", - деп келтирет "Кабар" маалыматтык агенттиги Жунушевдин айткандарын. Анын айтымында, бүгүнкү күндө буудайдын 90%ы тыштан, Орусия жана Казакстандан алып келинет.

"Тегирмендердин токтоп, жабылышынан улам 2016-жылдан бери буудай айдоо аянты 120 миң гектарга кыскарган. Буудай өстүргөн дыйкандар тоют үчүн дан эгиндерин арзан баада сатууга аргасыз болуп, чыгым акталбагандыктан башка айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өтүшкөн", - деп билдирди ал.

Өткөн жылдын августанда минкаб азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн буудай жана унду алып кирүүдө туура бир жылга кошумча нарк салыгын (КНС) алып салган.

Брифингде Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти минкабдан сатуудан алынуучу салыкты үч жылга чейин нөлгө түшүрүүнү өтүндү. Анын айтымында, бул оң натыйжа берип, ата мекендик тегирменчилерге өлкөнүн 60-70 пайызын эгин менен камсыздоого шарт түзөт.

"Бүгүнкү күндө КНС коюму жок болгону үчүн 20 тегирмендин ишин жандантып, жарандарды жумуш орду менен камсыз кыла алдык. Жалпысынан республикада бүгүнкү күнү 27 тегирмен ишканасы иштеп жатат, бул 2020-жылга караганда (6-7 ишканага) эселеп көп", - деп белгиледи Жунушов.

Ундун баасы

Жунушовдун айтымында, Кыргызстанда ундун баасы өткөн жыкы деңгээлде калды жана чек аралар жабык болгондуктан Талас облусунда гана айрым баалар көтөрүлгөнү байкалууда. Жунушов облуста комбинаттар жоктугунан улам ушундай жагдай түзүлгөнүн белгиледи.

"Чек арадагы "Чоң-Капка" өткөрмө бекети аркылуу мыйзамсыз ун ташылып келгендиктен облустагы ишканалар банкрот болуп, жабылып калган. Талас бир гана казакстандык унду жана ун азыктарын керектейт. Атамекендик жана мыйзамдуу түрдө импорттолгон продукция атаандаштыкка туруштук бере албай иш жүзүндө импорттолбойт. Ун ишканалары ишкерлерге же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кепилдиги менен өндүрүштүк баада облуска транспорттук чыгымдар үчүн кошумча төлөм менен продукцияны жөнөтүүгө даяр", - деди ал.

Кыргыз-казак чек арасы

УКМКнын Чек ара кызматынан 7-январь күнү "Бирдиктүү маалыматтык тутум жарактан чыкканына байланыштуу" Казакстан тараптын демилгеси менен эки өлкөнүн чек арасындагы 7 өткөрмө пунктунун ичинен 5и убактылуу жабылганын кабарлашкан.

Андан соң президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бүгүнкү күнү өлкөдө "социалдык маанидеги азык-түлүктүн жана күйүүчү-майлоочу майлардын жетиштүү кору бар" деп билдирген.

"Биз жарандарды азык-түлүктүн мүмкүн болгон жетишсиздигинен же баанын кескин жогорулашынан коркпоого чакырабыз", - деп кайрылган ал.

Өткөн жылдын ноябрында президент Садыр Жапаров мамлекеттик резервдеги материалдык байлыктар калктын 90 күндүк муктаждыгын жабууга тийиш экенин, бирок өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу деңгээли критикалык абалда жеткенин белгилеген.

Кийинчерээк Кыргызстандын Чек ара кызматы айрым өткөрмө пунктар мурдагы режимде иштей баштаганын маалымдаган. Ведомствонун 10-январга карата маалыматында, кыргыз-казак чек арасындагы 7 өткөрмө пункттун төртөө иштеп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД