Өткөн жылы Жалал-Абад облусунда жол кырсыктарынан улам 151 адам көз жумган

Жалал-Абад облусундагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө 2021-жылды жыйынтыктаган ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБы боюнча ЖККК бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 15-январь күнү Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн 2021-жылдын 12 айында аткарган иштери, ошондой эле алдыда аткара турган тапшырмалар боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун "Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндөгү" Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-майору У. Ниязбековдун ички иштер органдарынын жетекчилеринин алдына, жол кыймылынын коопсуздугун сактоо, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу багытында коюлган тапшырмаларынын аткарылышын көзөмөлдөө жана жыл жыйынтыгын чыгаруу максатында, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Б. Ашырбековдун, ИИМдин ЖКККББнын ЖКК жана УКТ башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Т. Досовдун жана ошол эле башкы башкармалыктын Штабынын начальниги милициянын полковниги У. Умаровдун катышуусунда Жалал-Абад ОИИБы боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн 12 айында аткарган иштери, алдыда аткара турган тапшырмалар боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү.

Аталган ыкчам кеңешмеге Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги А. Тагаев дагы катышып, Жалал-Абад ОИИБы боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн аппарат кызматкерлеринин, андан сырткары район-шаарларда аткарылган иштердин жыйынтыктары менен таанышты. Ал өз сөзүндө жол кырсыктардын өсүүсү коомдогу эң бир көйгөйлүү маселелердин бири болуп жаткандыгын, адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти, Министрлер Кабинети, ошону менен бирге ички иштер министри тарабынан бир топ тапшырмалар берилгендиги жана бул тапшырмаларды аткаруууда ар бир кызматкер өз жоопкерчилигин сезе билүү менен жумуш алып баруусун баса белгиледи.

ИИМнин ЖКККББнын начальнигинин орун басары Байыш Ашырбеков облустук ЖККК бөлүмүнүн аппарат кызматкерлеринен тартып, ар бир район-шаардагы ЖККК бөлүмчөлөрүнүн жол кырсыктардын алдын алуудагы аткарган иштерине токтолуп кемчиликтер ордунда айтылды. Андан сырткары жол кырсыктарынын алдын алууда өз милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбастан, одоно кемчиликтерге жол бергендиги үчүн бир топ кызматкерлер тартиптик жазаларга кириптер болушту. Андан сырткары 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо жетишкен ийгиликтери үчүн Аксы РИИБү боюнча ЖККК бөлүмчөсү "Жылдын мыкты ЖККК бөлүмчөсү" номинациясына ээ болуп диплом менен сыйланды.

ИИМнин ЖКККББнын начальнигинин орун басары Байыш Ашырбеков ЖКККБнүн аппарат кызматкерлери жана шаар-райондук ЖККК бөлүмчөлөрүнүн начальниктерине жол кырсыгын азайтуу максатында көзөмөлдү күчөтүүнү, коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулуучу жерлерде укук бузууларды алдын алып, профилактикалык иштерди күчөтүүнү тапшырды. Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан айдоочулук курамдын, ошондой эле жол кыймылынын катышуучуларынын арасында укуктук аң-сезимин жогорулатуу менен бирге жолдо жүрүү маданиятын жогорулатуу максатында байма-бай иш-чараларды уюштуруу, жол кырсыктарын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүү керектигин эскертти. Андан сырткары эпидемиялогиялык абал кайрадан курчуп жаткандыгына байланыштуу кызматкерлердин арасында санитардык нормаларды сактоону жана бул коюлган тапшырмаларды аткарууда жетекчилер тарабынан жеке көзөмөлгө алуу талаптарын койду.

Эске сала кетсек, 2021-жылдын 12 ай ичинде облус аймагында жалпы 623 жол унаа кырсыгы катталып, анын кесепетинен 151 жаран каза болуп, 1030 жаран денесинен ар кандай жаракат алып, ооруканаларга кайрылган.

Ал эми жалпы 58941 жол кыймылынын эрежесин бузган айдоочуларга протоколдор толтурулган болсо, анын ичинен 1538 айдоочу мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн айыпка жыгылган. Бул көрсөткүчтөр былтыркы жылга салыштырмалуу бир топ жогорку пайыздарга ээ.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД