Бир суткада 358 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында - 163, Ош шаары - 64, Чүй облусу - 64, Ош облусу - 19, Талас облусу - 2, Нарын облусу - 3, Ысык-Көл облусу - 20, Жалал-Абад облусу - 18, Баткен облусу - 5 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында этөрт Ысык-Көл жана Талас облустарында бирден бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 105 миң 469 киши вируска чалдыгып, 1 миң 821 бейтап көз жумду.