Кар көчкү алдында калып каза болгон эки кишинин тең аты-жөнү такталды

21-январда Жалал-Абадда кар көчкү басып калган экинчи кишинин жансыз денеси табылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашат.

Маалым болгондой, Ала-Бука–Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 203-чакырымында кар көчкү түшүү коркунучу жаралган жерлерге байкоо жүргүзүп жаткан эки жаранды капысынан чоң көлөмдөгү кар басып калып, жеринде каза болушту. "Алар "Вертекс Голд" ишканасынын 31 жаштагы А. уулу Ж. жана 30 жаштагы Ж.А. аттуу кызматкерлери экени такталды.

Кырсык болгон жерде дароо куткаруу иши жүргүзүлүп, 5 куткаруучу, "Вертекс Голд" компаниясынын 3 унаа жүктөгүчү, 2 экскаватор жана аталган ишкананын 120 кызматкери издөө жүргүзүшкөн. Саат 17:30да Токтогул районунун тургуну А. уулу Ж`нын жансыз денеси табылып, 1 жарым сааттан кийин Бишкек шаарынын тургуну Ж.А. аттуу жарандын сөөгү кар астынан чыгарылды. Учурда каза болгон жарандардын сөөгү укук коргоо органына өткөрүп берилип, иликтөө иши уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД