Алдап телефон алып кеткен деп 24 жаштагы жигит кармалды

Алдамчылыкка шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Аламудун РИИБнө алдамчылык фактысы боюнчка арыз менен Д.Т. аттуу жаран кайрылып, белгисиз адамга чара көрүүнү суранган, анткени ал ишенимине кирип, анын 18 000 сомдук "Редми" телефонун алдоо жолу менен ээлеп алган.

Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (Алдамчылык) каралган кылмыштын негизинде Аламүдүн

РИИБне катталган. Сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИБдин кылмыш иликтөө кызматкерлери жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан мурда соттолгон С.Т 1997-жылы туулган жаран аныкталып, РИИБге жеткирилген.

Тергөө иштери уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД