Үйгө кирип 7800 доллар уурдап кеткен деп 20 жаштагы жигит кармалды

Аламүдүн районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди

Маалыматка караганда, Аламүдүн РИИБге арыз менен жергиликтүү тургун Ц.А. 1963-жылы туулган кайрылган, анткени 2021-жылдын 20-январында үйүнө кирип 7800 АКШ долларын, 50 миң сомдук кол саатын, 400 АКШ долларын түзгөн уюлдук телефонун, зер буюмдарын, уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факт Аламүдүн района Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде (Уурдоо) беренеси менен катталган, сотко

чейинки териштирүүлөр башталган.

Керектүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында Чүй ОИИБдин кылмыш иликтөө кызматкерлери жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Ю.А. 2001-жылы туулган, кармалган.

Учурда милиция кызматкерлери жогорудагы адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бардыгын текшерүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД