Журналист Болот Темиров эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

Журналист Болот Темиров эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Бул туурасында 23-январда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын көзөмөлдөө, усулдук башкармалыгынын башчысы Сапарбек Аманкулов журналисттерге билдирди.

Эске салсак, кечээ журналист Болот Темиров милиция тарабынан кармалып, анын жанынан баңги зат табылган. Журналист аны милиция кызматкерлери салып койгон деп билдирүүдө.

Ммилиция кеңсесин тинтип, компьтерлерин алып Темировду кармап кеткен. Буга байланыштуу Бишкекте журналисттер, коомдук активисттер журналистке боштондукту талап кылып митингге чыгышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД