Депутат: иш таштаган каттамдардын лицензияларын алуу керек

Иш таштаган маршруттук каттамдардын лицензияларын алып, иштейбиз дегендерге берүү керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди.

Ал аталган маселе жыл сайын көтөрүлүп келе жатканын, мындан эл кыйналганын айтып, көйгөйгө чекит коюу керектигин белгиледи.

"Тилекке каршы жылда коомдук транспорт боюнча маселе көтөрүлөт. Мына бүгүн дагы кайталанды. Маршруттук каттамдардын айдоочулары эмес алардын ээлери, 5-6 эле уюштуруучу ар дайым ушундай саботаж кылат. Муну саботаж эмес, ультиматум деп айтат элем. Эми мэрия менен чечишип албайбы маселени, элди эмне кыйнайт, элде эмне күнөө. Жылда ушундай көрүнүш орун алууда. Ушул маселеге биз киришпесек болбой калды. Ушуну биз протоколдук тапшырма берип, комитет карайбы же өкмөткө тапшырма беребизби, айтор ушул маселени чечип койсок жакшы болот эле.

Менин билишимче бирөөлөр 700 автобусту бекер өзүбүз эле алып келели, бизге болгону маршрут эле берип койгула десе, мэрия ошону да чечпей жатыптыр. Азыр чыкпай жаткандардын лицензияларын алып, ошолорго берип, айтор маселени чечиш керек", - деди Маматалиев.

Мындан сырткары депутат бензин биржаларда кымбаттабагандыгын, доллар көтөрүлдү деп эле бензинди көтөрүү туура эместигин айтып өкмөттү чара көрүүгө чакырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД