Кыргызстанга 50 тревел-блогер келет

Маданият, маалымат жана туризм министри Кыргызстанга 50дөй тревел-блогерди алып келет. Бул тууралуу министр Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, блогерлер Кыргызстан менен таанышып, көрүнүктүү жерлерине барышат.

Жаманкулов Каракол шаары КМШ өлкөлөрүнүн маданият борбору болгонуна байланыштуу быйыл көлдө бир катар эл аралык иш-чаралар өтөрүн белгиледи.

Министрликтин маалыматында, өткөн жылы 3,6 миллион турист келген. 2020-жылы 2,4 миллион чет элдик Кыргызстан менен таанышып кетишкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД