
Башкы прокуратура мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов сурак берип чыкканын кабарлады.
Ага ылайык, Чудинов кыргыз-тажик чек арасы боюнча Адахан Мудамаров кол койгон протоколго байланыштуу сурак берип чыккан.
"Игорь Чудинов күбө катары суракка чакырылды. 2009-жылы аталган делегациянын курамында Баткенге баргандардын баары суракка алынат", – деп билдиришти Башкы прокуратурадан.
Белгилей кетсек, Адахан Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго кол койгон. Игорь Чудинов ошол маалда өкмөт башчы болуп турган.