Бишкекте коомдук унааларга атайын эскертме барактары таратылып чапталууда

Жол кырсыктарынын алдын алуу жана айдоочуларга эскертүү иретинде коомдук унааларга атайын эскертме барактары таратылып чапталууда. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын аймагында жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу жана ага жол бербөө максатында милициянын кайгуул кызматкерлери жүргүнчүлөрдү ташыган маршуртка, автобус, Троллейбус өңдүү 2000ге жакын коомдук транспортторго атайын айдоочулар үчүн, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камтыган атайын эскертме барактары таратылып чапталууда.

Айта кетсек, өткөн жылы жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетүү фактысы менен жол кырсыгы эң көп катталаган. Ошол себептүү милициянын кайгуул кызматкерлери бул багытта күчөтүлгөн тартипте алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларын күчөтүүдө. Бул менен кана чектелбестен мектептердин айланасындагы мектеп окуучуларына жолдо жүрүүдө жол жээгиндеги атайын жөө жүргүнчүлөр үчүн жүрүүчү кана жолдодо жүрүүдө ошондой эле көрсөтүлгөн жөө өтмөктөрдөн кана өтүү керектиги эскертилүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД