БУУ ЖАМКга соттолгондор менен иштөөгө керектүү жабдууларды белекке берди

УНП БУУ тобокелдиктерди баалоо жана камактагыларды классификациялоочу жабдууларды белекке берди. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматына чет мамлекеттердин аймагындагы куралдуу кагылышууларга жана согуштук аракеттерге катышканы үчүн соттолгондор менен иштөө үчүн БУУнун Кыргыз Республикасындагы Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы компьютердик техника жана методикалык колдонмо тапшырылды.

Берилген жабдыктарга кошумча камактагыларды классификациялоо боюнча окуу куралдары, абактагы өтө кооптуулар менен иштөө боюнча колдонмо жана жаза аткаруу мекемелериндеги динамикалык коопсуздук жана чалгындоо боюнча колдонмолор да бар. Соттолгондорду, анын ичинде экстремисттик иш-аракети үчүн соттолгондорду реабилитациялоонун жеке планын киргизүү максатында системаны пилоттук түрдө беш ЖАКнын № 2-, 3-, 27-, 32- жана 47- мекемелеринде ишке ашырат.

Бул система абактагылардын тобокелдигин баалоонун жана классификациялоонун электрондук системасын киргизүү үчүн иштелип чыккан. Анын максаты түзөтүү мекемелеринде камактагыларды кармоого байланыштуу тобокелдиктерди башкаруунун жаңы инструменттерин түзүүгө багытталган, алар өздөрүн жана башкаларга дуушар болушу мүмкүн болгон тобокелдиктин даражасын аныктоого багытталган. Ошондой эле реабилитациялоо программаларын ишке ашырууга тоскоол боло турган жагдайлар соттолгондордун тобокелдигин баалоонун жана классификациялоонун тутумун киргизүү жекече соттолгон үчүн да, жалпы мекеме үчүн да экстремизм жана терроризм коркунучунун даражасына баа берүүгө, аныкталган чектөөлөрдү азайтуу үчүн соттолгонду реабилитациялоонун жеке пландарын иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

Тобокелдиктерге, соттолгондогу өзгөрүүлөргө мониторинг жүргүзүүгө, анын реабилитацияланышына ылайык иштелип чыккан реабилитациялоо программаларына оңдоолорду киргизүүгө болот. Тобокелдиктерди баалоо жана соттолгондорду классификациялоо системасы БУУ БКБ (УНП ООН ) ишке ашырган эки долбоордун алкагында иштелип чыккан: - БУУнун Тынчтык куруу фондунун финансылык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын пенитенциардык тутумунун органдарында жана мекемелеринде зомбулуктун радикалдашуусун алдын алуу; - АКШнын Мамлекеттик департаментинин Терроризмге каршы күрөшүү бюросу тарабынан каржыланган чет мамлекеттердин аймагындагы куралдуу кагылышууларга жана согуштук аракеттерге катышканы үчүн соттолгондор менен иштөө программалары.

Соттолгондордун тобокелдигин баалоо системасын түзүү Кыргызстан үчүн гана эмес, дүйнөлүк пенитенциардык тутумунунун практикасы үяүн да жаңы көрүнүш.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД