Ат-Башыдан мал уурдап, издөөдө жүргөн жаран кармалды

Ат-Башыдан мал уурдап, издөөдө жүргөн жаран кармалды Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ат-Башы районунун тургуну 1987-жылы туулган М.М. жергиликтүү милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылып, анда 2019-жылдын 2-ноябрь күнү эртең менен саат 07:00 чамасында "Уй-Өлөт" участкасында жүргөн жылкысын таппай калганын билдирген.

Аталган факты Ат-Башы РИИБү тарабынан каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Милиция кызматкерлери жүргүзүшкөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2021-жылдын март айында кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун тургуну 1968-жылы туулган С.А. жана Талас облусунунун тургуну 1984-жылы туулган М.Ж. аттуу жарандар кармалып, күнөөлөрүн толугу менен моюндарына алышкан. Мындан тышкары, тергөөнүн жүрүшүндө М.Ж. 2 уруулук фактысы боюнча өз көрсөтмөсүн берген.

Шектүүлөр М.Ж. жана С.А Ат-Башы райондук соту тарабынан үй камагы түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалып, бирок тергөөнүн жүрүшүндө тоскоолдук жаратып, тергөө органдары тарабынан чакырылганда келбестен жашаган даректерин өзгөртүп качып жүрүшкөн. Ошондой эле алар тергөө судьясы тарабынан белгиленген чектөөлөрдү бузгандыгы боюнча бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрүнө өзгөртүлгөн. 2020-жылдын 3-май күнү издөө иштери башталган. издөө иштеринин жүрүшүндө жаран С.А. 2021-жылдын 17-октябрь күнү Жалал-Абад облусунун Кербен шаарынан кармалып , Ат-Башы райондук соту тарабынан 2 ай камакка алынган. Ал эми жаран М.Ж. 2022-жылдын 22-январь күнү Бишкек шаарынан кармалып, азыркы учурда Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД