
Чүй облусунда уурулукка шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Балта шаарында жайгашкан жеке фирманын өкүлү арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 24-январында 16 метр темир түтүктү жана ошондой эле 11 метр асбест түтүгүн ишкананын
аймагынан уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган.
Аталган факт Жайыл РИИБнүн КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Урдоо) менен катталган.
Чүй ОИИББнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери жана Жайыл РИИБнүн кызматкерлери тарабынан "Ууру" аталышындагы рейд учурунда, ыкчам иш-аракеттеринин негизинде бул кылмышка шектүү деп 1988-жылы туулган
Г.Ш. жана 1993-жылы туулган Х.И. кармалып тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Тергөө иштери уланууда.