
2022-жылдын 2-февралында Бишкек шаарында Улуттук эне жана баланы коргоо борбору (УЭжБКБ) Кыргызстанда угуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга медициналык жардам көрсөтүү боюнча туруктуу программаны уюштурууну талкуулоо максатында "Кыргыз Республикасында угуунун эрте диагностикасы, эрте кийлигишүү, кохлеардык имплантация жана балдардын реабилитациясы" темасында тегерек стол өткөрдү. Бул тууралуу Саламатык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тегерек столго Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын, саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, Улуттук медициналык борборлордун жана жогорку окуу жайлардын жетекчилери жана эл аралык уюмдар катышты.
"Балдар биздин келечегибиз, балдардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо өлкөнүн негизги стратегиялык милдеттеринин бири болуп саналат. Балдар төрөлгөндөн тартып оорунун алдын алуу боюнча чараларды өнүктүрүүгө багытталган "Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасы" (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 14-октябрындагы Жарлыгы менен кабыл алынган) сыяктуу башка бир катар документтер жана бир катар ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат жана ишке ашырылат. ДССУнун 2020-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк угуу баяндамасында бул чөйрөдөгү аракетсиздик жабыркаган адамдардын ден соолугуна жана жыргалчылыгына чоң зыян келтирээрин жана алардын коом менен байланыш, билим алуу жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү жоктугунан каржылык жоготууга алып келиши мүмкүн экенин баса белгилеген. Биз балдарды медициналык кароосуз калтыра албайбыз, угуунун начарлашы баланын жашоосунун көптөгөн тармактарына терс таасирин тийгизет: баарлашуу, сөз байлыгын өстүрүү жана сүйлөө, ой жүгүртүү, билим алуу, эмгектенүү, психикалык ден соолук, адамдар менен мамиле куруу. Биз угуусу начар балдарга профилактикалык иш-чаралардын, медициналык жардам көрсөтүүнүн жана узак мөөнөттүү реабилитациялоонун туруктуу комплекстүү программасын түзүшүбүз керек", - деди саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.
"Дүлөйлүк дүйнө жүзү боюнча жаңы төрөлгөн ымыркайлардын эң кеңири тараган көйгөйү. Баланын өнүгүүсүнө жана жашоо сапатына олуттуу терс таасирин тийгизбөө үчүн угуунун бузулушуна мүмкүн болушунча эрте диагноз коюу керек. Угуусу начарлар менен кесипкөй иш алып баруу эрте диагностикалоону, эрте кийлигишүүнү, ошондой эле угуусунун начардыгы аныкталган баланы узак мөөнөттүү колдоону жана реабилитациялоону камтыйт. Кыргызстанда угуусу начар балдарга медициналык жардам көрсөтүү боюнча уюштурулган комплекстүү программанын, тийиштүү каржылоонун жана башка маанилүү аспектилердин жоктугунан улам бул көйгөй абдан актуалдуу болуп саналат. Бул тегерек столдун жыйынтыгында угуусу бузулган балдарга медициналык жардам көрсөтүүнү уюштурууну жакшыртуу боюнча бардык чараларды, медициналык жардам көрсөтүүнүн этаптарын, ишке ашыруу мөөнөттөрүн, жооптуу адамдарды жана бардык кызыкдар тараптарды камтыган биргелешкен оперативдүү план түзүлөт деп ишенем", - деди Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун директору Гүлзат Маймерова.
Маалымат үчүн:
Кыргызстанда жыл сайын 15-20дан ашык төрөт үйлөрүндө жылына 139-160 миң ымыркай төрөлөт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун статистикасына ылайык, жыл сайын кеминде 140 жаңы тубаса кулагы укпаган ымыркайдын жана 3% га чейин угуусу ар кандай деңгээлде бузулган балдардын төрөлүүсү күтүлөт. Акыркы бир нече жыл ичинде кохлеардык импланттар менен камсыздоо боюнча өзүнчө иш-чаралар жигердүү жүргүзүлүп, тренингдер өткөрүлүүдө, Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун базасында донорлордун колдоосу менен балдарды реабилитациялоо жөнгө салынууда. Аудиологиялык скрининг 2017-жылдын май айынан бери 4 төрөт үйүндө жүргүзүлүп келет:
1. УЭжБКБнын клиникалык төрөт үйү
2. Бишкек шаарындагы шаардык перинаталдык борбор
3. Ош шаардык клиникалык ооруканасы
4. Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасы