Улуттук госпиталда жаңы бөлүм ачылат

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев калктын сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча пландары менен бөлүштү.

Анын айтымында, Улуттук госпитал Кыргыз Республикасынын калкына жогорку адистештирилген стационардык жана амбулатордук медициналык жардам көрсөтүүчү көп тармактуу медициналык мекеме болуп саналат. Керектүү дарылоо-диагностикалык жабдуулар менен жабдылган Улуттук госпиталда бөлүмдөрдүн профилине ылайык бардык муктаж болгондорго медициналык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар.

"Биздин негизги милдетибиз - калкка медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу. Бул үчүн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен материалдык-техникалык базабызды жакшырттык. КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын айрым бөлүмдөрүндө: трансфузиология, жаак-бет хирургиясы, урология, кан тамыр хирургиясы, проктология бөлүмдөрүндө, терапевттик корпуста, ошондой эле тамак-аш блогунда оңдоо иштери аяктады. Нейрохирургия бөлүмүнө баш сөөктү тешпестен операцияларды жасоого мүмкүндүк берген эндоскопиялык жабдуулар алынды. Буга чейин мындай операциялар үчүн бейтаптар чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болуп, ири суммадагы акча төлөп келишкен. Дагы бир нейрохирургиялык аппараттын келишин күтүп жатабыз", - деди Токтобай Маанаев.

Ошондой эле Токтобай Исраилович белгилегендей, жакынкы күндөрү 30 орундуу травматология бөлүмү ачылгана турат, учурда буйрук даярдалууда. "Мурда Улуттук госпиталда 6 травматология бөлүмү болсо, кийин алардын баары жабылган. Эми травматологиялык оорусу барларды кабыл алууну жанданткыбыз келет. Бизде жетиштүү сандагы жогорку квалификациялуу кадрлар бар. Жол-транспорт кырсыктарында адамдар сынык гана эмес, политравмалар менен жабыркап, кан тамыр хирургдарынын, нейрохирургдардын, офтальмологдордун жана башка адистердин консультациясы талап кылынарын да белгилегим келет. Координацияланган жана ыкчам жардам көптөгөн бейтаптарыбыздын өмүрүн сактап калууга жардам берет. Ал эми диагностика үчүн биз жакында КТ жана ангиограф алабыз".


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД