Балдар үчүн "Идеядан ойлоп табууга чейин" деген китеп жарык көрдү

Балдар жана камкор ата-энелер үчүн мамлекеттик тилде "Идеядан ойлоп табууга чейин" аталышында китеп жарык көрдү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуу-усулдук колдонмо ойлоп табуучу окуучулар менен сабак өтүү жана өз алдынча иштөө үчүн мугалимдер менен педагогдорго, ошондой эле балдарга ойлоп табуучулуктун жана интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларын коргоо эрежелерин түшүндүрүүгө аракеттенген ата-энелерге арналган.

Китептин авторлору: А. А. Антипов, Е. Л. Богданова, А. В. Ерузалимская, Д. А. Коротышева, Ю. Н. Коротышева, О. Е. Котенева, Т. Г. Максимова, А. С. Николаев, Г. В. Пудкова, Ю. С. Сербиненко. Ал эми кыргыз тилине которгондор: Рымбекова Н. Н., Калыева Ө. А., Исакова З. Т., Мусаева М. И.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД