Өмүрбек Текебаев Германияга элчи болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров Жарлыкка кол койду, ага ылайык, Текебаев Өмүрбек Чиркешович Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлайт.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Абдылдаев Эрлан Бекешович Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Берлин шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Норвегия Королдугундагы, Дания Королдугундагы, Швеция Королдугундагы, Ыйык Тактыдагы жана Польша Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулган болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД