Садыр Жапаров иш сапары менен Кытайга учуп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда, Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Пекин шаарына иш сапары менен учуп кетти, - деп маалымдайт президенттин басма сөз кызматы.

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Кышкы Олимпиада - 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат. Жолугушууда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында:

- Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;

- Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Канайым Бактыгулова;

- Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

- Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД