Эттин ичине салып абакка баңгизат алып кирүүгө аракет кылган адам кармалды

2022-жылдын 2-февралында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын №27- түзөтүү мекемесинин кызматкерлери тарабынан соттолгондорго тыюу салынган буюмдарды мыйзамсыз берүү аракетинин алдын алынган. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1987-жылы туулган Д.Э.М. аттуу жаран текшерүү учурунда соттолгон 1982-жылы туулган К.Н.А.га арналган эт азыктарына кылдаттык менен катылган жалпы салмагы 77 граммды түзгөн баңги заты (болжол менен гашиш) табылып алынган.

Аталган факты КБРге катталып, кармалган жаран жана чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн Аламүдүн оайонунун ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жазасын отоп жаткандарга тыюу салынган буюмдарды берүү же берүүгө аракет кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартууга алып келээрин эскертет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД