"Ак-Кула ипподрому" муниципалдык ишканасын жаңы директор дайындалды

"Ак-Кула ипподрому" муниципалдык ишканасында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Бишкек шаарынын мэринин буйругу менен Чойбеков Улан Темирканович "Ак-Кула ипподрому" муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды.

Ал 2019-2020-жылдары аталган ишкананын директорунун орун басары кызматын ээлеген. Жогорку юридикалык билимге ээ.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД