Кеминдин мурунку акими Бишкекке вице-мэр болуп дайындалды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шаршеналиев Нурлан Алтымышовичти калаанын вице-мэри кылып дайындады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, шаар башчысы буга чейин аталган кызматты ээлеп келген Таалайбек Орозовду башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошоткон.

Нурлан Шаршеналиев Кемин районунун тургуну, 1985-жылы туулган. Эки жогорку билими бар: экономикалык жана юридикалык.

Ал буга чейин Кемин районунун акими,, Энергетика министринин орун басары болуп иштеген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД