Сокулукта эки жашар бала апасы тарабынан сабалып ооруканага түштү

Чүй облусунун Сокулук районунда ооруканага денесинен жаракат алган эки жашар бала түштү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 3-февралда саат 21:30 чамасында Сокулук аймактык ооруканага 2020-жылы туулган К.Э. аттуу эки жашар бала денесиндеги жаракаттар менен жеткирилгендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Айрым маалыматтарга караганда, баланы апасы сабап, ооруканага атасы алып келген.

Чүй облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Бактыгүл Мамытованын айтымында, бала оорукананын реанимация бөлүмүнө баш мээсинин жабык жаракаты, бетинин, буту-колунун жаракаттары, бети жана моюну көгөргөн жана сыйрылган, эки колунун инфекциялуу жарааты менен жаткырылган.

Бул факты Сокулук районунун ички иштер бөлүмүндө катталып, текшерүү иштери башталды. Баланын денесине келтирилген жаракаттын бардык жагдайлары аныкталууда. Керектүү экспертизалар дайындалды. Учурда сабады деп шектелген адам сурак берүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД