Сабырбек Жумабековдун ордуна Гулия Кожокматова дайындалды

Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун ордуна жаңы түзүлгөн Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын жаңы директору болуп Гулия Кожокматова жана башкы дарыгери болуп Дамир Дүйшөнов дайындалды. Аларды саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп жатып тааныштырды.

Ошондой эле аталган борбордун башкы дарыгери Данияр Дүйшөнов болгонун да айтты.

"Жумабеков тарапташтарын каякка алып барса, ошол жерге алып барсын. Аны канча киши ээрчиирин көрөм. Канча адам чыкса да ооруканада иш токтобойт. Ал жакта бухгалтер анын келини, дарыканачы дагы тууганы. Кечээ текшерүүгө келген адамдарымды кууп чыгышты", - деди Бейшеналиев.

Ал ошондой эле журналисттерге Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун кайра түзүү боюнча буйрукту окуп берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД