Кыргыз-тажик чек арага чектеш аймактардагы айылдардын аксакалдары жолугушту

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага чектеш аймактарындагы айылдардын аксакалдары жолугушту. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, Баткен облусунун Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын аксакалдары менен Согди облусунун Чорку жамаатынын Самонен, Майский кыштагынын аксакалдары эки элдин ортосундагы карым-катнашты бекемдөө, мамилени улантуу максатында чектешкен аймактарда жолугушууларды өткөрүп жатат.

Бул жолугушууларда Баткен РИИБнин начальниги Алмазбек Шагамурзаев менен Согди облусунун Исфара-2 РИИБнин начальниги Анвар Рахманзода, Ворух ички иштер бөлүмүнүн начальниги Миролизода Субхан биргеликте коопсуздукту камсыздоо, туруктуулукту сактоо максатында аксакалдардын жолугушууларына катышууда.

"Жолугушууда эки тараптын аксакалдары эзелтеден бери кошуна экендиктерин, бир арыктан суу ичерин белгилешип, биримдикте жашоо керектигин билдиришти. Жаштарды да ынтымакка чакырып, карым-катнашты бекемдейбиз деп сөз беришти", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД