Бишкекте лифттердин техникалык абалы текшерилүүдө

Бишкекте лифттердин техникалык абалы текшерилүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, текшерүү Бөкөнбаев көчөсү, 14 дарегиндеги көп кабаттуу үйдөгү лифттерден башталган.

Бишкекгорлифттин адистери эшиктердин, шахталардын жана кабиналардын иштөө тартибин текшеришти. Бул лифттерге 37 жыл толду, алар толук канаттандырарлык иштеп жатат.

Мындан тышкары, үй комитети жана жашоочулар менен жолугушуу болуп, анда аларга үй ээлеринин шериктештигин түзүү сунушталды. "Бул лифтти колдонуудагы мыйзамдарга ылайык алмаштыруу процесси зарыл документтердин тизмесин түзүп, ишканага тапшырган ХОА түзүлгөндө гана ишке ашат", – деп кошумчалады муниципалитет.

Эске салсак, 11-январда Улан-1 кичи районунда лифт адамды басып калган. Ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, укук коргоо органдары кылмыш ишин козгогон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД