Бишкекте өткөн тегерек столдо пенсия системасын реформалоо талкууланды

2022-жылдын 4-февралында Министрлер кабинетинин төрагасынын тапшырмасын аткаруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан уюштурулган пенсия системасын реформалоо маселелерин талкулоо боюнча тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столго Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттик администрациянын, министрликтердин, ведомстволордун, ишкерлер коомчулугунун, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер катышышты.

Пенсиялык системанын реформалоонун негизги максаты болуп, системанын бардык катышуучулары үчүн тең укукту камсыздоонун эсебинен адилеттүүлүк орнотуп, натыйжалуулугун жогорулатуу жана социалдык камсыздоонун принциптерин күчөтүү эсептелет.

Катышуучулар тарабынан жогоруда айтылган реформаны жүргүзүү боюнча иштерди илгерилетүү жана пенсиялык системаны реформалоо боюнча сунуштар каралып, талкууланды.

Ошондой эле, тегерек столдун алкагында КРнын Социалдык фонду менен КРнын илимий институттарынын ортосунда өз ара кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД