Жумабеков Нарындагы Борбор Азия университетинин студенттери менен жолугушту

Алмазбек Жумабеков Нарындагы Борбор Азия университетинин студенттери менен жолгушту. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 4-февраль күнү Нарын ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Алмазбек Жумабеков Нарын шаарында жайгашкан Борбор Азия университетинин студенттери менен жолугушуп, ал жакта билим берип жаткан мугалимдер менен жакындан таанышып, жүргүзүлүп жаткан окуу процесстери тууралуу кененирээк маалымат алды .

Жолугушууда А.Жумабеков студенттерге кайрылуу жасап, милиция кызматкерлеринин аткарып жаткан ишмердүүлүгүнө токтолуп, "Кыргызда жакшы сөз бар жаман улут болбойт, жаман эл болбойт бирок жаман адам болушу мүмкүн. Ошол үчүн ар бир адам туура тарбия алып коомго өз салымын кошуп алган билимин жогорулатып, тартип бар жерде ынтымак бар, кандай гана учур, кырдаал болбосун баардыгы ынтымак менен чечилет. Бул жакта мына ар улуттун жарандары Нарын шаарында орун алган университетте окуп жатасыздар бул Нарын эли үчүн сыймык. Ар бир өлкөнүн өзүнүн мыйзамдары бар, биздин максат коомдук коопсуздукту сактоо, эң башкысы тартип маселеси каралат. Нарын милициясы кылмыштуулук менен күрөшүүдө коомдук тартипти сактоодо күнү-түнү кызматта экенин баса белгилеп, окууларына ийгилик каалап, ар бир студент сүйүктүү мекенине аман-эсен кайтып барышына тилектеш экенин белгилеп" өттү.

Ошондой эле жолугушуу учурунда студенттер ар тараптуу кызыккан суроолорун узатышып, жоопторун алышып, ыраазычылык билдирип өтүштү.

Аталган иш-чара дагы да улантылат жана бул окуу жайды көрүү үчүн кызыкдар болгон мектеп окуучуларына атайын ачык эшик күнүн өткөрүп берүү жана студенттер үчүн милициянын ишин жакындан тануу үчүн атайын иш-чараларды уюштуруп туруу жагы сүйлөшүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД