Нарында өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын аймагында жашы жете электер арасында кылмыштуулуктун алдын алуу иштери уланууда. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 4-февраль күнү Нарын шаарынын аймагында жашы жете электер арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун, жол кырсыктарын, топтошуп мушташуулардын, жашы жете электерге карата ырайымсыз мамилелерди болтурбоо максатында профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле Нарын шаарынын борбордук көчөсүндө каттаган маршруттук каттамдарга, троллейбустарга милиция кызматкерлери бөлүнүп, атайын эскертүүчү плакаттарды илишип, керектүү маалыматтар камтылган китепчелер таратылып берилди.

Мындан тышкары Нарын шаарында автоунаанын каттамы көп болгондуктан, жол коопсуздугун алдын алуу жана болтурбоо үчүн ар бир орто мектептердин алдына жол кыймылынын камсыз кылуу бөлүмүнүн кызматкерлери жана балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору өздөрүнө тиешелүү мектептерге барып мектеп окуучуларынын коопсуздугун кароо менен жолдо жүрүү эрежелерин туура сактоо жол коопсуздугун алдын алуу багытында иш-чараларды уюштуруп, жеринде профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД