Кара-Сууда үйгө кирип, акча, зер буюмдарды уурдап кеткендер кармалды

Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 4-февралда 500 миң сомдон ашык акча каражатын жана алтын жасалгаларын уурдаган жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 14-январдан 15-январга караган түнү Кара-Суу районунда жайгашкан турак үйдүн ичинен 350 миң сом, 1000 (миң) АКШ доллар жана алтын буюмдарды уурдап кеткен, ошондой эле 2022-жылдын 30-январында Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айыл аймагында жайгашкан үйдүн ичинен 89 600 (сексен тогуз миң алты жуз) сом акча уурдоого шектелген 2 жаран кармалды.

Кылмышка шектүүлөр Кара-Суу районунун тургундары 19 жаштагы Б.А., жана 17 жаштагы Ж. у. Ж. аттуу жарандар экени аныкталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн факт Кара-Суу РИИБине катталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Уурдоо") боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле 2022-жылдын 16-январында Кара-Суу районунун тургундары 55 жаштагы К.Б.дан жана 30-январында 43 жаштагы А.Ж. аттуу жарандардан арыз келип түшкөн.

Кылмышка шектүү 19 жаштагы Б.А. Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген, ал эми кылмышка шектүү Ж. уулу Ж. жашы жете электигине байланыштуу үй камагына чыгарылды.

Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга катыштыгы бардыгын тактоо максатында тергөө амалдары уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД