Сокулукта саунада сойкукана уюштурган деп 43 жаштагы аял кармалды

Сокулук районунда сойкулук үчүн сойкуканаларды уюштуруп, аларды тейлеген деген шек менен 43 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 4-февралынан 5-февралына караган түнү козголгон кылмыш ишинин алкагында Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жана Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан атайын иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук районундагы айылдардын биринде жайгашкан саунанын администратору менен сойкулук менен алектенген 6 кыз да саунадан ИИБнө жеткирилген. Жогорудагы саунанын администратору 43-жаштагы С.А. КРнын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштери уланууда.

Ошондой эле маалыматта Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун аймагындагы ушул сыяктуу жайларды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылып жатканы белгиленет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД