Бишкек ШИИББинин жетекчисинин орун басарынын уулу пара менен кармалды

Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

2022-жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын УКМК КР ИИМ түзүмдүк бөлүмдөрдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте ушул жылдын 4-февралында Каракол шаардык ИИБ кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалышты.

Такталгандай, Каракол шаардык ИИБ тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты "Т.Б.Т" жана кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери милициянын капитаны "А.К.Т." сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу үчүн акча каражатын талап кылышкан.

Маалыматтарга караганда, ага лейтент Т.Б.Т. Бишкек ШИИББинин жетекчисинин орун басары Тилек Тукебаевдин уулу.

Иш боюнча топтолгон далилдердин негизинде КР Кылмыш-жаза кодексини 343-беренеси ("Пара талап кылуу") боюнча Каракол шаардык ИИБ тергөөчүсү жана ыкчам кызматкери кармалып, КР Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районуна караштуу Түп ИИБ тергөө камак жайына киргизилишти.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД