"Манас Ордо" комплексине жаңы жетекчи дайындалды

Талас облусундагы Кыргыз Улуттук "Манас Ордо" комплексинин директору болуп Марат Дооронбеков дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Дооронбеков Марат Дооронбекович 1971- жылы туулган.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин тарых адистигин аяктаган.

Эмгек жолу:

1995-2003- ж.ж.- Күмүштак орто мектебине тарых сабагына мугалим болуп эмгек жолун баштаган.

2003-2007- ж.ж. – Д. Дүйшөбаев атындыгы орто мектептин директору;

2007-2010- ж.ж. – Бакай-Ата райондук Баратбай Жунусов атындыгы орто мектептин директору;

2010-2021-ж.ж. – Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүн башчысы

2021-жылдан баштап ушул күнгө чейин Талас билим берүү усулдук борборунун директору болуп иштеп келген.

2008-2010-ж.ж. – Бакай-Ата райондук кеңешинин депутаты болгон.

Коомдук ишмердүүлүгү:

2001-жылдан "Боо-Терек Келечек" коомдук фондунун жетекчиси.

2001-2003-жылдары коомдук фонд тарабынан Боо-Терек айылына жаңы мектеп курулуп, ага 1 млн сомдон ашык чет элдик инвестиция тартылган. 2008-жылдан 2010-жылдар аралыгында Боо-Терек айылында спорт залы курулуп, ага 2,5 млн сом инвестиция тартылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД