2022-жылдын 15-январына карата республиканын мектептеринде 929 мугалим жетишсиз. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызамыты кабарлады.
Маалыматка караганда, эң көбү же 305 мугалим Чүй облусундагы мектептерде жетишсиз.
Бишкек шаарында – 191,
Баткен облусунда – 142,
Ош облусунда – 112,
Ысык-Көл облусунда – 78,
Жалал-Абад облусунда – 60,
Талас облусунда – 20,
Нарын облусунда – 12,
Ош шаарында – 9 мугалим жетишсиз.