Бишкек 2 округунан кайра шайлоого катышуучу талапкерлер үчүн чүчүкулак өтөт

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, 2022-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча катталган талапкерлердин арасында шайлоо бюллетениндеги талапкерлердин кезегин аныктоо үчүн чүчүкулак өткөрүлөт. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чүчүкулакка талапкерлер, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана коомдук байкоочулар катыша алышат.

Чүчүкулак кармоо убактысы кошумча маалымдалат.

Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча БШК 2022-жылдын 27-февралына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоодо бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоо бюллетендеринин формасын жана текстин бекитет.

Маалымат үчүн: Шайлоо бюллетенинин тексти жана формасы бекитилгенден кийин шайлоого андан ары катышуудан баш тарткан талапкерлерге шайлоо күрөөсү кайтарылып берилбейт ("Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 16-бөлүгүнүн 3-пункту).


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД