Өздөрүн президенттин жакындары катары тааныштырган алдамчылар кармалды

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, өздөрүн Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин, анын бир тууганы С.Н. Жапаровдун туугандары, ошондой эле Министрлер Кабинетинин орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин терагасы генерал-лейтенант К. Ташиевдин жакындары катары көрсөткөн адамдар аныкталган.

Ал адамдар КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жана Мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдарын коркутуп, тышкы экономикалык ишмердүүлүккө (ТЭБ) катышкан жеке жактарды, анын ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттоочуларды көзөмөлгө алышканы тастыкталган.

Жогорудагы адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюу максатында комплекстүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, анын алкагында бизнес чөйрөсүндөгү субъектилерди көзөмөлдөө жана мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын коркутуу фактылары документтештирилди. Мындан тышкары бажы жана салык мыйзамдарын бузуу менен товарларды өлкөгө алып кирүүгө бөгөт коюу чаралары көрүлдү.

2022-жылдын 4-февралында өздөрүн мамлекет башчынын тууганы жана КР УКМК төрагасыны менен байланышы бар катары тааныштырган адамдар товарларды ташып келүүнү кайра жандандыруу максатында КР УКМК кызматкерине пара сунуштап, 1600 АКШ доллары өлчөмүндөгү акчанын бир бөлүгүн берип жаткан жеринен кармалышты.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык "А.Т.М." КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

"Ошону менен бирге КР УКМК жарандарды кыраакы болууга, өзүн ар кандай кызмат адамы катары көрсөтүп, тигил же бул маселени чечүү үчүн акча талап кылган шылуундардын аракеттерине алданбоого чакырат. Абийирсиз адамдардын алдамчылык аракеттерине туш болгон учурда укук коргоо органдарына кайрылууну сунуштайбыз", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД