Бишкектеги эки округ боюнча кайра шайлоонун үгүт иштери 7-февралда башталат

5-февралга карата Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 27-февралына дайындалган № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого талапкерлигин көрсөткөн 53 талапкерди каттады.

Биринчи май округу боюнча 27, ал эми Сверлов округунан 26 талапкер катталган.

Жалпы 72 кишиден арыз келип түшкөн. Алардын 58и эркек, 14ү аял. 14 талапкер катталуу тууралуу арызын кайра алды. Беш талапкердин документтери толук болбогондон улам каттоодон четтетилди.

Шайлоонун үгүт иштери 7-февралда башталат.

Бул эки округда 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо "баарына каршы" деген добуш көп болгондуктан быйыл 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД