Президент Садыр Жапаровдун Пекин шаарына (Кытай Эл Республикасы) 3-февралдан 6-февралга чейин болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сапардын алкагында мамлекет башчысы Кышкы Олимпиада - 2022 оюндарынын расмий ачылыш аземине катышып, Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, кечээ, 6-февралда Бишкекке кайтып келди.