Кытай Кыргызстанга 50 млн юань өлчөмүндө жардам берет

Кытай тарап Кыргызстанга коронавируска каршы кошумча 5 миллион доза вакцина жана 50 миллион юань (666 млн 560 миң сом) өлчөмүндө коопсуздук тармагында кайтарымсыз жардам берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Пекин шаарында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен КР президент Садыр Жапаровдун жолугушуусунда маалым болду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргенине караганда, Си Цзиньпин кыргыз тарап менен түрдүү тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, мамлекет башчылары саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин жана келечегин, ошондой эле биргелешкен ири долбоорлорго инвестиция тартууну талкуулашты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД